Ош областынын Араван районундагы Төө-Моюн айылында 1965-жылдын 25-февралында туулган. Улуту кыргыз. Жогорку билимдуу.
1989-жылы Фрунзенин политехникалык институтун (ФПИ) “Инженер-куруучу” адистиги боюнча бүтүргөн.
1984-86-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1989-жылы ФПИнин илимий чарбалык инженери болуп иштөө менен баштаган.
1990-1992-жылдары ФПИнин кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген.
1995-жылдары Республикалык студенттер штабынын бөлүм башчысы кызматын аркалаган.
1996-2000-жылдары “Имарат Сервис” ЖЧКсынын курулуш боюнча директору.
2000-2007-жылдары “Промсталь” ЖЧКсынын башкы директору.
2007-жылдан 2015-жылдын январына чейин “Строймир” ЖЧКсынын башкы директору.
2012-жылдан бери “Ак-Каркыра” Тайцзи-цюань федерациясынын мүчөсү.
2015-жылы Жети-Өгүз районунун “Ардактуу атуулу” наамын алган.
2015-жылдын январь айынан баштап Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланып, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү болгон.
2015-жылы фехтования федерациясынын президенти болуп дайындалган.
2015-жылдан тартып “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун башкарып келген.
Ал эми 2017-жылдын апрель айынан бери Жогорку Кеӊештин Аппарат жетекчиси.
3-даражадагы мамлекеттик кеңешчи.
Республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен;
Апрель окуяларынан жапа чеккен түштүк регионунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүүгө карата жарандык позициясы үчүн КР Жаштар иштери боюнча министрлигинин Ардак грамотасы менен;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен;
Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкандыгы үчүн “Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамотасы жана медалы менен;
“КРӨгө караштуу Архитектура мамлекеттик агенттигинин, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
2016-жылы Ысык-Көл облусунун “Ардактуу атуулу” наамын алган.
2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
2016-жылы Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасына татыган.
2016-жылы «XX кылымдын Гомери-Саякбай» аттуу кино-тасманын башкы продюсери.
2016-жылы «Легенда» кино-тасмасынын башкы продюсери.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.