28-октябрдан тарта Ош - Эл-Кувейт аба каттамы ишке кирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинен билдиришти.

Элчиликтен билдиришкендей, аталган каттам боюнча элди Кувейттин "Jazeera Airways" аба компаниясынын учактары ташыйт.

Учактар жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү каттайт.