Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда жаңы иштелип чыккан макулдашууну бекитүү кийинки жылга калды.

Узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки тараптуу кызыкчылыкты чагылдырып, көпкө талкууланып, иштелип чыккан стратегиялык кызматташтыкты аныктаган бул документ быйыл жаңы жылга чейин бекитилери күтүлүп жаткан.

Тышкы иштер министрлиги бул макулдашууну бекитүү эмнеге кечеңдеп жатканы боюнча комментарий бере элек. Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 360 барактан турган жаңы макулдашууда саясий жана соода-экономикалык кызматташтыктын жаңы багыттары камтылганын билдирди.

Күздө күтүлгөн келишим кийинки жылга калды

Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кеңейтилген кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу жаңы макулдашууну иштеп чыгуу 2017-жылдын 19-декабрында башталган.

Бир жарым жыл ичинде өз ара талкууланып, иштелип чыккан бул стратегиялык документтин мазмуну боюнча сүйлөшүүлөр үстүбүздөгү жылы 6-июлда аяктаган. Жаңы макулдашуунун долбоорун алдын-ала ырастоо Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Еврокомиссиянын вице-президенти, Евробиримдиктин чет элдик иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могеринин катышуусунда болуп өткөн.

Анда ушул жылдын аягына чейин бул жаңы макулдашууну бекитип, ага кол коюла турганы айтылган. Бирок Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Эдуард Ауэр мырза 5-декабрь күнү жаңы макулдашууну бекитүү кийинки жылга калганын жарыялады. Ошол эле кезде учурда аталган документке кол коюунун жана расмий жарыялоонун так мөөнөтү белгисиз.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Аскар Эркебаев бул жаңы макулдашуунун долбоорунун эки тараптын эл аралык милдеттемелерине карата шайкештиги каралып жатканын билдирди:

- Быйыл жайында аталган документтин текстти толук даяр болгон. Азыркы учурда аталган келишимдин долбоорунун текстин Бишкекте жана Брюселлде атайын адистер карап чыгууда. Анткени аталган келишимдин долбоорунун текстинде ар түрдүү сөздөр жана ойлор (формулировкалар) бар. Анан ошондуктан жаңы макулдашуунун долбоорун Кыргызстандын дагы, Евробиримдиктин дагы эл аралык милдеттемелерине туура келтирүү үчүн ошол тексттин бардыгын карап чыгуу керек. Бул жараян негизи жайында башталган. Азыркы учурда ал иштер улантылып жатат. Эмдиги жылы мына ошол иш-чаралар аяктап, анан мына ошол документке кол коюлат деген ишенимдебиз. Себеби, документтин мазмуну боюнча буга чейин эки тарап макулдашкан. 

Евробиримдик менен жаңы макулдашуунун долбоорун бекитүү эмне себептен кечеңдеп жатканы тууралуу суроого Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы азырынча жооп бере элек.

Оома саясат, олку-солку позиция

Жаңыдан бекитиле турган макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу аяктап, аны алдын-ала расмий тастыктоо Кыргызстан менен Евробиримдиктин тышкы саясат мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда быйыл жайында 6-июлда эле жүргөнүн эске алганда, долбоордун эл аралык милдеттенмелерге карата шайкештиги боюнча маселе жөн жеринен чыкпаса керек дешет саясат талдоочулар.

Саясий аналитик Турат Акимов аталган келишимди бекитүүнүн кечеңдеп жатышын расмий Бишкектин тышкы саясатты аныктоодогу иштелип чыккан позициясынын так эместиги менен байланыштырды:

- Биздин мамлекет башчылар отуз жылдан бери ички интригилар менен жана коррупция менен гана алек болуп жүрүп, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөй турган ички-тышкы багыттарды аныктай алган эмес. Ошондуктан ушул күнгө чейин биздин жетекчилер кайсы келишимди колдорун билбей, кайсы тарап менен мамилени жакшыртып, же болбосо көп тараптуу тышкы саясатты жүргүзүү боюнча так багытын бекемдеп, чыңдай алган эмес. Анан баарына эле ар кандай карап,"эптеп эле бир жерден насыя же грант ала калсак" деген чала сабат мамлекет болуп калдык.

Ошол эле кезде Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы жаңы макулдашууну бекитүүнүн кечеңдеп жатышын тышкы геосаясий таасирлер менен байланыштыргандар бар. Анткени Кыргызстан бир эле учурда Орусия менен Кытай башында турган ЖККУ, ШККУ жана ЕАЭБ сыяктуу эл аралык уюмдардын дагы мүчөсү. Мына ошондуктан " Кыргызстандын Евробиримдик менен кеңейтилген кызматташтык жана өнөктөштүк боюнча келишимди колдоп, бекитиши аталган уюмдардагы өнөктөштөрдүн кызыкчылыгына каршы келип калбайбы" деп чочулаган саясатчылар дагы бар.

Көп тараптуу тышкы саясат

Анткен менен Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери, экс-депутат Асия Сасыкбаева улуттук кызыкчылыкты коргоодо көп жактуу тышкы саясат башкы орунда экенин айтып, келишимди кечеңдетүүгө тыштан таасир этүү мүмкүн эместигин белгиледи:

Бул жерде чынында эле аталган макулдашуунун долбоору канчалык жогорку деңгээлде даярдалган деген маселе бар. Себеби, буга окшогон келишимдерди даярдоодо техникалык маселелер чыгып, биздикилер аны көпкө созуп, кечеңдеткен учурлар бар. Кандайдыр бир каталар кетип калып же болбосо оңдоону талап кылган кандайдыр бир укуктук жана дипломатиялык түшүнүктөр дагы болушу мүмкүн. Бирок тышкы таасир этүү факторунан улам, келишимди бекитүү кечеңдеп жатат деп айта албайм. Себеби, Кыргызстандын Евробиримдик менен мамилеси жогорку деңээлде. Президентибиз деле, өкмөт мүчөлөрүбүз деле, парламент депутаттары деле ал жакка барып-келип, кызматташып жүрүшөт. Бирок эми биз башынан эле биздин мамлекетте көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүүнү стратегиялык багыт катары аныктап, иш алып барып келгенбиз. Азыр биз бир эле тарап менен кызматташып, бир эле державанын оозун карап отура берсек, анда мамлекеттин суверендүүлүгүн жоготуп алабыз. Ошондуктан азыр бизге окшогон өнүгүп келе жаткан мамлекеттер үчүн көп жактуу тышкы саясат жүргүзүү ийкемдүү, натыйжалуу жана ийгиликтүү дипломатиянын натыйжасы экени белгилүү.

Сооданы өстүрүүгө өбөлгө

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Аскар Эркебаев жаңы макулдашуунун долбооруна саясий-дипломатиялык жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоону караган жаңы ченемдер, адам укугун коргоо жана сөз эркиндигин сактоо боюнча кепилдиктер киргизилгенин билдирди:

- Мисалы үчүн жаңы макулдашуунун долбоорунда демократия, мыйзамдын үстөмдүгү, адам укугу жана сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктар кеңири киргизилген. Анан дагы мурдагысынан айырмаланып, бул документ 360 беттен турса, анын үч жүз барагы Кыргызстан менен Евробиримдиктин соода-экономикалык байланыштарын чыңдоого тиешелүү. Соода жүгүртүүнү жолго салууга байланышкан укуктук ченемдер кеңейтилди. Себеби бул жерде эң башкы зарылдык катары эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү жыл сайын өсүп жатканын айтсак болот. Анан дагы 2016-жылы Кыргызстанга Евробиримдиктин аймагына бажы төлөмүсүз товарларын алы кирүүгө уруксат берген ВСП+ макамын иш жүзүндө экспортту көбөйтүүгө пайдалануу үчүн шарт түзө түргөн жаңы укуктук ченемдер каралган.

Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда азыр иштеп жаткан кызматташтык жана өнөктөштүк келишими 1999-жылы бекитилген. Анын шарттарын жаңылап, кызматташтыкты кеңейтүү үчүн мындан эки жыл мурда тараптар жаңы макулдашууну иштеп чыгуу чечимине келген.