2019-жылдын алгачкы беш айындагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү боюнча Бишкек менен Нур-Султандын маалыматы эки ача чыкты. Казак тарап Кыргызстан менен сооданын көлөмү азайып кеткенин билдирсе, кыргыз тараптын статистикасы тескерисинче өсүш бар экенин көрсөтүүдө.

Казакстандын Улуттук экономика министрлигине караштуу Статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын январь айынан май айына чейин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 318,3 миллион долларды түзгөн.

Бул былтыркы жылдын алгачкы беш айына салыштырмалуу 10,5 пайызга аздык кылат. 2018-жылдын ушул мөөнөтүндө Евразия экономикалык биримдигине кирген бул эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 341 миллион доллардан ашкан.

Мындай өзгөрүүгө Казакстандын Кыргызстанга жөнөткөн товарларынын көлөмүнүн азайышы себеп болгонун казак Статкомунун сайтындагы маалымат күбөлөп турат. Маселен быйыл Казакстан Кыргызстанга былтыркыга караганда 15-16 пайызга азыраак товар экспорттолгон. Тескерисинче кыргыз тараптан көбүрөөк товар келген.

Казакстандын статистикасы

Кыргызстанга экспорт:

  • 2019-жылдын январь-май айы: 217,4 миллион доллар
  • 2018-жылдын январь-май айы: 253,4 миллион доллар

Кыргызстандан импорт:

  • 2019-жылдын январь-май айы: 100,8 миллион доллар
  • 2018-жылдын январь-май айы: 88,2 миллион доллар

Бирок Кыргызстандын Экономика министрлигинин баштапкы маалыматыказак тараптыкынан кыйла айырмаланып турат. Ага ылайык, быйыл январь-май айларында эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү кеминде 23пайызга өсүп, жалпы көлөмү 385 миллион долларды (2018-жылдын беш айы: 312,8 млн. доллар) түзгөн. Буга кошумча Казакстанга былтыркыдан 13,5 пайызга көбүрөөк товар экспорттолуп, импорт да 28 пайызга көбөйгөн.

Кыргызстандын статискасы

Казакстанга экспорт:

  • 2019-жылдын январь-май айы: 126,9 миллион доллар
  • 2018-жылдын январь-май айы: 111,8 миллион доллар

Казакстандан импорт:

  • 2019-жылдын январь-май айы: 258,1 миллион доллар
  • 2018-жылдын январь-май айы: 201 миллион доллар

Албетте, жалпы сооданын көлөмүндө эки өлкөнүн статистикасы дайыма эле дал келе бербейт. Мисалы, 2018-жылкы товар жүгүртүү казак тараптын эсебинде 865 миллион доллар болсо, Кыргызстандыкы 749,3 миллион долларды түзгөн.

Бирок бул жолу Казакстан 2019-жылдын беш айында товар жүгүртүү азайганын билдирсе, кыргыз тарап көбөйгөнүн айтып жатат. Мындай айырма тууралуу Казакстандын расмий органдарынан маалымат алуу мүмкүн боло элек.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев муну эсептөө методологиясындагы айырма катары түшүндүрдү.

“Кытай менен болгон биздеги айырма деле аябай чоң болуп жатпайбы. Алардын методологиясына ылайык, балким көлөмү менен эсептелет. Кээ бирөөлөр көлөмү менен баасын кошуп, көбөйтүп эсептейт. Мисалы, кийим-кечек жөнөткөндө биз бир баа менен эсептесек, Казакстан, балким башка баа менен эсептейт. Бажы көзөмөлү жоюлганы үчүн ал жерде минималдуу контролдук баа деген бар. Мисалы, биз Бажы биримдигине кирип жатканда буудай, ун бизге үч сомдон келип жаткан. Андай болушу мүмкүн эмес да. Ошондуктан биз бул жакка келгенде өзүбүз башка баада эсептейбиз. Казакстан бизге берип жатканда балким башка бааны коет”, - деди Шамшиев.

Министрликтин макроэкономика боюнча башкы өкүлү Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн статистикалык маалыматында мындай айырма бар экенин белгилеп, Кыргызстан бул тууралуу уюмдун комиссиясына кайрылып келе жатканын кошумчалады.

Чектөөлөр менен коштолгон соода

Чынында Кыргызстандын статистикасы Казакстан менен сооданын көлөмү көбөйгөнүн көрсөткөнү менен адистер эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү "зымга тизгендей" деп айтуудан алыс.

Себеби Нур-Султан менен Бишкектин 2017-жылкы өз ара таарынычы тараса да, кыргыз-казак чек арасында ири жүк ташуучу автоунаалар маал-маалы менен кезек күтүп туруп калып, кыргыз ишкерлери товар өткөрүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтып, даттанып келишет.

Казак тарап чек арада текшерүүнүн күчөгөнүн аткезчиликти токтотуу, бажы талаптарынын аткарылышын камсыздоо максаты менен түшүндүрсө, расмий Бишкек Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ортосунда мындай бир тараптуу ыксыз текшерүүлөр болбошу керектигин белгилеп жатат.

Быйыл март-апрель айларында да Казакстан Кыргызстан менен чек арасында 15 күндөй көзөмөлдү күчөтүп, мындай жагдай кайрадан өткөрмө бекеттердин алдында товар ташыган автоунаалардын узун кезегин жараткан.

Кыргызстандын Экономика министрлиги 2019-жылдын алты айынын жыйынтыгын чыгарган баяндамасында бул жагдай “өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүнө терс таасирин” тийгизгенин белгилеген.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров да ортодо соода солгундашы мүмкүн деген жоромолорду четке какпайт.

“Соода алака өзгөрдү окшойт. Бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрү расмий түрдө азайып кетпедиби. Демек, соода азайып кетти. Анын түздөн-түз таасири бар”, - деди Абакиров.

Айтмакчы, июль айынын соңунда Кыргызстандын Финансы министрлигинин Башкы казыначысы Марлен Сыдыков Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, бюджетке түшкөн салык менен кошо бажы төлөмдөрү да азайганын билдирген. Ага ылайык, быйылкы жылдын алты айында бажы төлөмдөрү пландалгандан кеминде 9 пайызга аз жыйналган.

Казак тараптын Статистика комитетинин расмий маалыматы боюнча, Казакстан Кыргызстандан импорттогон товарлардын жарымын минералдык продукциялар, алардын ичинде отун-энергетикалык товарлар түзөт. Андан кийинки орундарда азык-түлүк, мал-жандык жана өсүмдүк продукциялары жана транспорт каражаттары, тетиктер менен түрдүү жабдыктар турат.

Кыргыз тараптын статистикасына ылайык, Казакстандан келген товарлардын басымдуу бөлүгүн күйүүчү май, көмүр, болот жана чоюн сыяктуу металлдар жана буудай сыяктуу дан азыктары түзөт.

Мындай товарларды өткөрүүдөгү текшерүүлөр казак өкмөт башчысы Аскар Маминдин 12-июлда Бишкектеги сапарында да көтөрүлгөн. Сапардын соңунда казак тарап өз аймагы аркылуу Кыргызстандан бараткан оор жүктөрдү өткөрүү режимин жеңилдетүүгө макул болгону кабарланган.

Казак өкмөт башчысы эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүү тууралуу 2017-жылдан бери айтылып келе жаткан планды да баса белгилеген.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин жана Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, Бишкек, 12-май, 2019-жыл.

“2020-жылга чейин сооданын көлөмүн 1 млрд. долларга жеткирүү тууралуу максатты алдыбызга койдук. Ал үчүн бардык керектүү мүмкүнчүлүктөр бар. Инвестициялык кызматташтыкты жигердүү түрдө бекемдөөнү макулдаштык”,- деп билдирген Аскар Мамин.

Бирок бул жолугушуудан көп өтпөй, 22-июлда Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитети Кытайдын товарлары Кыргызстан аркылуу Казакстанга жашыруун өткөрүлүп жатат деп жарыялап, жыл башынан бери эле эки миңге жакын аткезчилик фактысы орун алганын билдирди. Айтор, бир уюмга кирген коңшу эки өлкөнүн соода алакасы ушундай олку-солку абал жана талаштуу билдирүүлөр менен коштолуп келет.

ЕАЭБ ичиндеги солгундаган соода

Казакстандыкы сыяктуу чаралар Евразия экономикалык биримдигинин кыймылдаткыч күчү саналган Орусияда кабыл алынып жатат. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 11-мартынан тарта Орусиядагы акча жана товарлардын көмүскө жүгүртүлүшүнө каршы "жаңы күрөш" башталган.

Анын алкагында Кыргызстан менен Казакстан аркылуу орус базарына товарларды аткезчилик жол менен ташыган схемаларды аныктоо үчүн Орусияда тиешелүү чаралар иштелип чыгып жатат.

Мындан тышкары орус өкмөтү акча которуудагы көмүскө операцияларга жана системаларга каршы күрөшүү үчүн 16-апрелден тарта Орусиядан Кыргызстан, Вьетнам жана Кытайга акча которууга айына 100 миң рублдик, Казакстанга 150 миң рублдик чектөө киргизген. Бул Кыргызстанга келген акча которуулардын 3,9 пайызга азайышына жол ачкан.

Айтор, жогоруда айтылган чектөөлөр жана казак чегиндеги текшерүүлөр Кыргызстандын быйылкы жалпы тышкы соода жүгүртүүсүнө, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөр менен соода алакасына таасирин тийгизгенин Кыргызстандын экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиевырастады.

“Өз ара [тышкы] соода быйыл бир аз төмөндөдү. Беш айдын жыйынтыгы менен былтыркы жылга салыштырмалуу 97,4 пайыз [2,6 пайызга азыраак] болду. Биз Орусияга азыраак товар жүктөдүк. Калган мамлекеттерге аз эле да. Өз ара соодада Орусия менен Казакстанга өтө чоң көлөм бар. Быйыл Орусияга жөнөтүлгөн кийим-кечек азайды”, - деди Шамшиев.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын беш айында Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу дээрлик 5,6 пайызга чейин азайып, 589 млн. долларды түздү.

Кыргызстандан Орусияга экспорттолгон товарлардын көлөмү дээрлик эки эсе азайды. Маселен 2018-жылдын январь-май айларында Кыргызстан Орусияга жалпы көлөмү 163 миллион доллардык товар жөнөтсө, быйыл анын көлөмү 78,6 миллион долларды гана түздү. Ал эми Орусиядан импорттолгон товарлардын көлөмү (510,5 млн. доллар) 10,8 пайызга көбөйдү.

Быйыл Беларус менен товар жүгүртүү бир аз көбөйүп, 15,6 миллион доллардан 20 миллион долларга жетти. Армения менен соода былтыр ушул маалда 3 миллион доллар болсо быйыл 500 миң долларды көрсөтүп жатат. Расмий статистикага ылайык, 2019-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстан Арменияга эч кандай товар экспорттогон эмес.

Экономикада кайсы бир өлкөнүн экспорту импорттон көп болгону позитивдүү тенденция катары каралып, оң сальдо деп мүнөздөлөт. Бирок 2019-жылдын алгачкы беш айынын жыйынтыгы күбөлөгөндөй, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө азыраак экспорттоп, тескерисинче алардан көбүрөөк товар импорттоп келет. Андыктан Кыргызстандын уюмдун калган төрт мүчөсү менен соода жүгүртүүсүндө тескери сальдо өкүм сүрүп жатат.