Өткөн жүз жылдыктын 80-жылдары башталган “Санарип революциясы” же интернет тармагынын жана ага байланышкан сан арип технологияларынын дүркүрөп өнүгүшү ХХI кылымды башында глобадуу масштабга жетип отурат. Адамдын жашоосунун бардык тармагына кеңири кирүү менен ал иш жүзүндө жаңы, санариптик реалдуулукту түзүп, ага интернет буюмдарын, социалдык тармактарды, электрондук почта сервистерин, булут технологияларын, интернет-дүкөндөрдү, блокчейн-технологияларын жана башкаларды алып келүүдө. Санариптештирүү адамзат коомуна жана анын мамилесине өтө терең сүңгүп киргендиктен, азыркы адамдар ансыз өзүнүн кадимки жашоо-турмушун элестете албайт.

Азыркы коомдун өтө тездик менен санариптешүүсүнүн таасиринде маалыматтын агымын, жеке жана коомдук деңгээлдеги байланыштардын түрдүү баскычтарын, экономикалык чөйрөдөгү сапаттуу жаңы өз ара мамилелердин түптөлүүсүн революциялык түрдө тездеди. Бул иш жүзүндө экономикадагы технологиялык көндүмдөрдүн түзүлүшүнө алып келет. Анткени, санариптик форматка таянган өндүрүштүн жана керектөөнүн жаңы товары жана каражаты болуп маалыматтык технологиялар саналат.Бир катар алдыңкы изилдөөчүлөрдүн жана аналитиктердин пикири боюнча, азыркы коом материалдык байлык негизинде жаткан өндүрүшкө жана керектөөгө негизделген коомдон заманбап маалыматтык технологияларга өтүп жатат. Аларга ээ болуу дүйнөлүк экономикалык тутумдун чокусуна алып барат. Алар азыркы глобалдык дүйнөдө толук түрдө нефтини алмаштырды деп айтууга негиз бар.

Буга чейин технологиялык көндүмдөр чийки затты же технологиялык өндүрүштүк товарларды кайра иштетүүдө кандай технологиялар тигил бул өлкөдө өндүрүлгөндүгү менен аныкталып келген жана ушул нерсе алардын дүйнөлүк экономика менен саясаттагы ордун белгилеген. Чийки затка жетүүнүн ушундай жолунан улам материалдык керектөөдөгү зарыл болгон товарларды өндүрүүдө дүйнөлүк ири экономикалардын чөйрөсү өзгөчөлөнгөн. Алар өздөрүнүн өндүрүштүк дараметинин негизинде дүйнөлүк масштабда узак убакыт бою лидерликке жетишип турган. 

Бирок, санариптештирүүгө негизделген жаңы технологиялык көндүмдү тариздөө жана революциялык тез жайылуусу (анткен менен, глобалдык деңгээлде бир кылкка эмес) азыркы дүйнөдөгү экономикалык балансты кыйла өзгөрттү. Анткени, заманбап маалыматтык технологиялар – бул биринчи керекте топ жарган, негизинде кубаттуу серверлерди, суперкомпьютерлерди, хостингдерди, санариптик алгоритмдерди жана башка каражаттарды пайдалануу болгон жогорку технологиялык санариптик продукцияларды түзүү жана андан ары өнүктүрүү, жаңы багыттарда маалымат мейкиндигинде сапаттуу иштешин камсы кылуу. Бул багытта социалдык тармактардын жана мессенджерлердин пайда болуусу жана өнүгүүсү жакшы мисал боло алат. Алар өздөрүнө адамдар ортосундагы пикир алышууну жана ийгиликтүү маалыматтык бизнестин моделин айкалыштыра алат. Бизнестин мындай жолу менен кызмат көрсөтүүүнүн жана товарлардын бир топ кластерин, анын ичинде таза маалыматтык форматта жыйылтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ошондуктан, жаңы санариптик технологияларды кеңири жайылтууга жана колдонууга негизделген сапаттуу экономикалык көндүмдөрдүн жайылуусунан улам бизнес жүргүзүүнүн эрежелери жана стратегиялары алмашып келет. Санариптик экономикага өтүүдө андагы жаңы товар болуп аларды жайылтууга жана пайдаланууга мүмкүндүк берген инновациялык технологиялар менен жабдуулар гана эмес, революциялык жаңы көрүнүштөрдүн – иш жүзүндө бир дагы конкреттүү мамлекетке жана алардын бийлик институттарына тиешеси жок электрондук акчалардын, криптовалюталардын, электрондук соода аянтчаларынын пайда болушу менен эсте калды. Өнөр жай өндүрүштү жасалма интеллекттин элементтери менен роботтоштуруу жүрүп жатат, аларды онлайн системалар менен башкарууга болот, бул көпчүлүк жактан аны арзандатат жана жеңил кылат.

Ушул көп кырдуу жана татаал процесстердин натыйжасы санариптик платформага инновациялык өтүү болуп калды –иш жүзүндө ири бизнести уюштуруунун жаңы түрү. Эгер материалдык өндүрүштүн негизинде еурулган экономикалык мамилелердин буга чейинки баскычында аны уюштуруунун жогорку формасы корпорация болсо, ал эми басып келе жаткан коомдун маалыматтык көндүмүндө анын ордун санариптик платформа басат. Өзүнүн ишинин алгоритми боюнча ал эски корпорациялардан өтө айырмаланат, анткени анын негизинде керектөөчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн маанилүү топторунун ортосунда кыйла масштабдуу жана көп пландуу алар үчүн өзгөчө маалыматтык чөйрөдө түзүлгөн форма жатат. Бул маанилүү бир деңгээлде бизнес-процесстеринин убактысын тездетип, ортомчуларды кыскартуунун эсебинен товардын баасын төмөндөтөт жана товарлар менен кызматтарды жеткирүүнүн натыйжалуулугун оптималдаштырат. Ошол эле учурда, санариптик платформалар, эреже болгондой, сатуучу менен кардардын ортосунда алардын маалыматтык чөйрөсүндөгү өз ара мамилелердин эрежесин түзөт. Типтүү ири санариптик платформаларга «Facebook» жана «Alibaba» мисал боло алат.

Бирок, материалдык товарларды өндүрбөй туруп, мындай платформалар кеңеш берүүчү программалык чечимдерди иштеп чыгышат жана белгилүү бир ИТ-сервисин сунуш кылат, алар колдонуучулардын (керектөөчүлөрдүн) белгилүү бир аракеттерин жана сатып алууларын жеңилдетет. Ага кардарлардын каалоолорун жана кызыкчылыктарын жасалма интеллект технологияларынын жардамы менен маалыматтык чөйрөдө көзөмөлдөө жана алар үчүн жеке багытталган товарлардын, кызматтардын, жарнамалык сунуштардын ж.б. түзүлүүсү ачык мисал боло алат. Акыр аягында бул товарлар менен кызматтарды жалпылап эмес, жекече тандап алууга негизделген заманбап экономикалык мамилелердин жаңы революциялык принцибин ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Бул салттуу соода ишканаларына караганда, көбүнчө чоң натыйжаны камсыз кылат. Ошондуктан, санариптик платформалардын алкагында иштелип жаткан жана киргизилип жаткан программалык продукт чоң киреше алып келүүгө жөндөмдүү баалуулукка өзүнөн өзү айланып кетет. Муну менен фондулук рыноктордо маалыматтык типтеги экономикалык уюмдар акыркы он жылдыкта баасы улам төмөндөп бараткан салттуу корпорациялардан айырмаланып,кымбаттап гана отурат.

Бирок, ошол эле учурда жаңы санариптик реалдуулукту активдүү өнүктүрүү экономикада эле эмес, саясий чөйрөдө да жаңы чакырыктарды пайда кылууда. Экономикалык бүтүмдөр ишке ашып жаткан маалыматтык, финансылык жана соода агымдарын тескөө барган сайын кыйынчылык жаратууда. Тиешелүү санариптик куралдардын толук топтомуна ээ болбогон, б.а. технологиялык жактан артта калганмамлекеттин алардын контролдоого алы келбейт. Ошондуктан, ал санариптик технологияларга ээ эле эмес, алардын иштеп чыгуучусу жана туруктуу жакшыртып туруучусу болуп саналган санариптик технологияларга ээ болгон мамлекеттердин экономикалык басымынын алдында болуп келет.

Мына ушул себептерден улам, маалыматтык коомго өтүү мамлекеттин суверенитетин жаңыча жүргүзүүгө алып келет, анда анын санариптик курамы баарынан биринчи планга чыга баштайт. Булбир эле электрондук соода аянттарындагы финансылык жана соода агымдарын көзөмөлдөөдө, аларды натыйжалуу контролдоодо жана тиешелүү пошлиналар жана чегерүүлөр менен салык алууда эмес, кеңири пайдаланылган жана популярдуу социалдык тармактар менен мессенджерлерге карата дагы татаалдыктарды жаратып келет. Азыркы дүйнөдө интернет тармагын колдонуучулардын жалпы саны 4,4 млдр кишиге жетти (бул Жер платнетасынын калкынын 58%ын түзөт), алардын ичинен 3,5 млрд киши социалдык тармактарды жана мессенджерлерди пайдаланышат (бул дүйнө калкынын 46%ын түзөт), анын үстүнө, дээрлик 3,3 млрд киши бул үчүн уюктук байланыш түзмөгүн пайдаланат. Анын үстүнө, алар айрым учурларда бир катар маалыматтык социалдык сервистерди бириктирүүчү кубаттуу санариптик платформаларды түзүшөт. Мисалы, «Facebook» эки башка кеңири белгилүү «Instagram» жана «WhatsApp» бизнес-долбоорлоруна ээлик кылат. Муну менен, Фейсбукта санариптик социалдык коммуникациялар тармагындагы борборлоштурулган ири монополисттердин бирине айлантат.

Бир нече миллиондогон колдонуучулардын аудиториясы бар мындай ири социалдык сервистердин пайда болушу жана глобалдык кеңейиши дүйнө жүзү боюнча уюктук байланыш компанияларын (анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө дагы) бир топ кысымга дуушар кылды. Анткени, алар иш жүзүндө чалууларды, видео-чалууларды жана бат-баттан кат алышууну жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берди, ошондуктан алардын кардарларынын маанилүү бөлүгү социалдык тармактарга жана мессенджерлерге өтүп кетишти. Анткени менен, уюктук компаниялар айласын таап, мобилдик интернет менен камсыз кыла башташты, бирок бул процесстер алардын кирешесине маанилүү таасир тийгизди.

Бул дагы мамлекетке байланыштын ушул сыяктуу санаариптик аянтчаларын контролдоо көйгөйүн пайда кылды. Азыркы заманда ар бир адамдын кандай санариптик продукция менен кызматтар менен пайдалана тургандыгын көзөмөлдөө салыштырмалуу жеңил болуп калды. Ошондуктан, аларды контролдогон адам иш жүзүндө элдин жоон тобунун кызыкчылыктарын, көйгөйлөрүн, ишенимдерин, пландарын жана ички дүйнөсүн мыкты билип калат. Кээде булл мамлекетке жана коомго карата ачык бүлүндүрүүчү мүнөздү алып жүрөт.

Бирок, азыркы дүйнөдө көпчүлүк көпчүлүк эл интернетти жана түрдүү тармактарды, мессенджерлерди, чаттарды жана сервистерди активдүү пайдаланбаса дагы, алардан дээрлик эч нерсени жашыра албайсың, анткени дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү акыркы прогрессивдүү иштелмелер менен куралдана баштады. Ага ачык мисал катары онлайн режиминде камералар менен адамдардын жүзүн таануучу биометрикалык системаны айтууга болот. Ал АКШнын бир катар шаарларында, Батыш Европанын бир нече өлкөлөрүндө, Австралияда ж.б. өлкөлөрдө ишке киргизилген. Кытай социалдык рейтингдердин кыйла терең санариптик системасын активдүү ишке киргзип жатат. Ал реалдуу убакытта адамдардын жүзүн таануу технологиясына эле эмес, ал ар бир жаран үчүн социалдык жана саясий активдүүлүгүнө жараша өзгөрүлмөлүү электрондук рейтингди түзүүгө негизделген. Ал адамдардын ичинен өзүн ишенимсиз катары көркөткөндөр социалдык тепкич боюнча жылуу укугунан ажыратылат, саясий карьера жасай албайт, өлкөдөн чыга алышпайт, кредит ала албайт ж.б.д.у.с. Жалпы контролдоонун мындай системасы Кытайдын ири шаарларында пилоттук режимде иштегендиктен, бийликтин көз карашы боюнча өзүн жакшы көрсөтө алды. 1,3 млрд калкы бар өлкөнүн элин контролдоо үчүн ушул сыяктуу санараиптик технологияларды өнүктүрүп келет.

Жасалма интеллекттин элементтери менен ушул сыяктуу контролдоо системасын киргизип жаткан башка өлкөлөр сыяктуу эле Кытай муну коомдо болуп жаткан түрдүү коркунучтар менен, мисалы көчөдөгү кылмыштуулук, жол кыймылын жөнгө салу, терроризм жана шпиондук көрүнүштөр менен күрөшүү жана аларга каршы туруу каражаты катары колдонуп жаткандыгы менен түшүндүрөт. Мунун алкагында дээрлик бардык социалдык тармактардын жана мессенджерлердин заманбап ири платформалары өздөрүнүн башкы кеңселери жайгашкан аймактагы мамлекеттердин атайын кызматтары менен эриш-аркак иш алып барышат.

Бул процесстердин мыйзам ченемдүү жыйынтыгы өнүккөн өлкөлөрдөгү заманбапкоомдун жашоосундагы санариптик технологиялардын камтылышы жана өнүгүшүн көзөмөлдөөдө  мамлекеттин ролунун жогорулашы болот. Мындан сырткары суверендүүлүк маалыматтык техналогиялардын өнүгүүсүнүн деңгээлине байланыштуу болгондуктан мамлекет өзү технологиялык инновацияларды жарандык жана аскердик тармактарда иштеп чыгууга туздөн түз катышат. Ошентсе да, бул шартта улуттук коопсуздук менен жарандардын жеке кызыкчылыгынын ортосунда тең салмактуулукту кармоо зарыл. Бирок, ошол эле кытайлык социалдык рейтинг программасы бул талаптарга жооп бербейт. Борбордук Азияда санариптешуу процессинен четте калган жок. Бирок, батыштын өнүккөн өлкөлөрүнө, ал эмес кошуна Кытайга салыштырмалуу кеч жүрүүдө. Буга бир нече себеп бар: башкысы аймактын негизги бөлүгүнүн интернет байланышы менен анчейин камсыздалбаганында. Жыйынтыгында колдонуучулардын басымдуу бөлүгү факсималдуу интернеттен пайдалануу мүмкүнчүлүгүно жетпей, мобилдик интернетти колдонот. Борбор Азия өлкөлөрүндө калктын 68% түзгөн 36 млн киши интернетти пайдаланганы менен интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгү бир кылка эмес.

Бул параметрден алып келгенде калктын 77% интернет менен камсыздалып, аймактын лидерлигинде Казакстанда турат. Ушул эле учурда башка өлколөрдөгү көрсөткүч төмөнүрөк: Кыргызстанда 35%, Өзбекстан 45%, Таджикстан 33%, Түркмөнстан 18% гана түзөт. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан гана 53% болгон дүйнөлүк орто көрсөткүчтү ашып өтө алган. Тармакты күнүгө, үзгүлтүксуз пайдаланган аймактагы калктын саны бул көрсөткүчтөн да аздык кылат. Ошондой эле интернеттин жеткиликтүүлүгүнө калктын кирешесинин деңгээли да таасир этет.  Андыктан, бул маалыматтар конкреттүү бир мамлекеттин аймагындагы экономикалык өнүгүүсү менен калкынын интернетти колдонуусунун өз ара байланышын толук көргөзөт.

Дүйнөлүк тармакка чыгууга жеткиликтүү жана арзан түрү уюктук байланышы болууда. Бирок, бул жерде да колдонуучулардын интернетке чыгуудагы тандоолоруна карата аймактагы өлкөлөрдүн ортосунда айырма байкалат. Маселен. Казакстанда калктын 33% активдүү колдонуучу болсо, алардын 72% компютер же ноутбукту колдонуу менен интернетке чыгууну тандайт. Мобилдик интернетти 25 % пайдаланат. Кыргызстанда калктын 17 % активдүү колдонуучу болсо ошонун 67 % салттуу каражаттарды, 32 % смартфондор аркылуу тармакка чыгат. Өзбекстандыктардын 51% жана 47 % болуп өто айырмаланган эмес. Бул жакта калктын 30% интернетти активдүү түрдө пайдаланат. Кызыктуу абал Таджикстан менен Түркмөнстанда байкалган. Бул жакта дүйнөлүк желеге чыгууда смартфонду пайдалангандар басымдуулук кылышкан. Таджикстанда 69% Түркмөнстанда 81 % калк уюктук байланышты ыңгайлуу деп эсептешет. Ал эми калктын 18 жана 9 % гана интернетте активдүү болуп саналат.

Аймактагы калктын жашоосунун денгээли жана экономикалык абалы дүйнөлүк желеге чыгууда мыйзам ченемдүү чектегич болуп калууда. Башка жагынан алганда жаратылыштык - географиялык көрсөткүчү да таасир берет. Себеби, Борбордук Азиянын басымдуу бөлүгү татаал рельефтүү же болбосо чөл, жарым чөл аймактарда жайгашкан. Чөлкөмдөгү ар бир мамлекет өзүнүн көпчүлүк аймагын интернет менен камсыздоодо татаалдаштырат жана рентабелдүү эмес кылып коёт. Ошол себептен, расмий түрдө аймактын 50 дөн 70 %га чейинки аймагы камсыздалган дегени менен баардык жеринде эле сапаттуу жана ылдам интернетти көрө албайсың. Колдонуу жеңил болгон тармак негизинен урбандашкан борборлорго байланган. Башкача айтканда аймакта бир калыпта тараган эмес жана дүйнөлүк чен менен алганда маалымат берүүдөгү тиешелүү ылдамдыкка жетпейт.

Борбордук Азиянын калкынын салыштырмалуу аз бөлүгү гана чубалгы жана 3G, 4G болгон уюктук байланыш аркылуу толук түрдүү интернетти колдонуу мүмкунчүлүгүнө ээ. Ошондой эле, мобилдик байланыштын 36%гана жазытилкелүү деп аныктоого болот.  Жогорку ылдамдыктагы интернетти колдонуу боюнча чөлкөмдө Казакстан айырмаланат. Ал жакта 2,3 млн адам, башкача айтканда калктын 16,5 % ыкчам маалымат алмашууга мүмкүнчүлүгү бар. Экинчи орунда Өзбекстан турат. 2,8 млн. адам же калктын48 % интернетти колдонсо ошонун 18 % жазытилкелүү колдонуучуну түзөт. Кыргызстандагы көрсөткүч бир топ жупуну. 250 миң адам ылдам интернетти пайдаланат же калктын 11%га жакын бөлүгү. Ал эми Таджикстан менен Түркмөнстандын калкынын аз бөлүгү гана заманбап интенет байланышы менен пайдаланат.

Ушул себептерден улам Борбордук Азия өлкөлөрү маалыматтык ыңгайлардын бардык артыкчылыктарын толук көлөмдө пайдалана албай жатат. Биздин регион үчүн ал заманбап санарип дүйнөсүнүн технологиялык жана жарым-жартылай дүйнө таанымдык деңгээлде умтулуу менен ылдам өнүгүүгө жетишпей жаткандыгын белгилесек болот. Ал аналогиялык ана маалыматтык доордун жигинде такалып калды жана иш жүзүндө санариптик технологияларды колдонуунун бардык чөйрөсүндө эски менен жаңы ыкмалардын айкалышын колдонот. 

Борбордук Азиянын технологиялык өлкөлөрү маалыматтык коомдо өтө тездик менен алдыга жылып жаткан эле эмес, ошондой эле санариптик чындыкты түзүүчү булак болуп, программалык жана аппараттык камсыздоочу катары кызмат кылып жаткан алдыңкы өлкөлөрдөн көз каранды. Алсак, регионго компьютердик жабдыктардын негизги бөлүгүн, акыркы бир нече жылдардын аралыгында башка ушундай эле өндүрүштөрдү өндүрүүчүлөрдү бир топ артка чегинтүү менен коңшу Кытай киргизүүдө. Өзгөчө «Lenovo» кытай компаниясынын эн белгисине ири америкалык жана тайвандык «Asus», «Acer», «Dell», ал түгүл аз-аздап «Apple» сыяктуу өндүрүүчүлөр да чегинип беришүүдө. Салыштырмалуу борбордуказиялык базарда анчалык чоң эмес орунду «Toshiba», «Sony» жана «Fujitsu» сыяктуу япониялык корпорациялар ээлейт. Ошондой болсо да япониялык «Canon» жана америкалык «HP» Борбордук Азияга компьютердик жабдыктардын бүтүндөй бир муунун киргизүүдө басымдуу позицияга ээ.

Буга окшош кырдаал уюлдук байланыш каражаттар базарында да келип чыгат. Ар бир смартфон маалымат-даректерди берүүчү болуп эсептелет жана ошрндуктан заманбап Борбордук Азияны санариптештирүү процессинде өтө маанилүү. Өзгөчө, интернетке уюлдук байланыш каражаты аркылуу туташуу региондун негизги бөлүгүндө өсүүсүн улантып (бул көрсөткүч баарынан жай Казакстанда өсүүдө) жатканын эске алганда. Бул жерде «Samsung» жана «Apple» компанияларынын смартфондорунун үстөмдүк кылуусунда да «Huawei», «Xiaome», «Lenovo» жана «ZTE» кытай өндүрүүчүлөрүнүн өндүрүштөрү жигердүү алдыга жылууда. Алар акыркы 3-4 жылда алда канча тартуучу баалары жана башка өндүрүүчүлөрдүкүнөн кем калбаган параметрлери менен атаандаштарын чегинте алышты. 

Заманбап маалыматтык өндүрүштөрдү пайдалануу үчүн зарыл болгон девайс колдонуучулардын арасында популярдуу программалык камсыздоого да өзүнчө токтолуп кетүү зарыл. Стационардык компьютерлерде жана ноутбуктарда «Microsoft» (Windows өндүрүшү) америкалык компаниясынын операциялык тутумудары чексиз үстөмдүк кылат. «Apple» компаниясынын операциялык тутумдары (Mac OS өндүрүшү), ошондой эле «Linux» түркүмүнүн өндүрүштөрү бир кыйла азыраак жана сейрегирээк кездешет.

Мобилдик түзмөктөрдүн дээрлик көпчүлүгүндө «Apple» жана Android «Google»компаниясынын iOS операциялык тутумдары коюлган. Ошондой эле, акыркы учурда алар абдан популярдуу «Samsung» жана «Huawei» ири компаниясынан башка бир катар кытай өндүрүшчүлөрүнүн  смартфондорунун линейкасында берилген, «Huawei» компаниясына «Google» компаниясы тарабынан Android системасын мындан ары тейлөөдөн баш тартылган.

Борбор Азиядагы компьютердик жана мобилдик техникага башка программдык камсыздоо негизинен америкалык, япониялык жана тайвандык IT- корпорациялар тарабынан иштелип чыгат, ошону менен бирге, акыркы учурда аларда америкалык инвесторлордун капиталдашуу байкалат. Борборазиянын софт рыногунда россиялык компаниялар алда канча төмөн деңгээлде турушат. Негизинен алардын программдык камсыздоосу “Касперский лабороториясы” жана “Доктор Веб” антивирустары, “ABBYY” компаниясынын ар түрдүү продукттары аркылуу берилген, ошондой эле “1С” (бухгалтерия, башкаруу ж.б.) платформасындагы ар түрдүү программалар кеңири белгилүү болду. Мындан тышкары, россияда өндүрүлгөн ар кандай колдонмо софтту банк чөйрөсүндө, товарларды эсепке алууда, башкарууда пайдаланышат. Смартфондор үчүн россиялык программдык камсыздоо аздыр-көптүр популярдуулукка ээ. Буга мисал катары Борбор Азиянын бир катар шаарларында ативдүү колдонулган «Яндекс.Такси» тейлөөсүн белгилесек болот. 

Борбор Азиядагы интернет-траффиктин негизиги жеткирүүчүлөрү болуп россиялык компаниялар эсептелет, жеткирүү оптико-булалуу каналдары жана спутник байланышы аркылуу жүрүгзүлөт. Башка чет элдик компаниялардын бул багыттагы салымы өтө аз. Интернет-трафик белгилүү бир өлкөнүн алкагында ири мамлекеттик, ошондой эле мнчик, анын ичинде чет элдик компаниялар тарабынан бөлүштүрүлөт, өзгөчө – мобилдик интернетке кирүү мүмкүндүгүн берүү чөйрөсүндө. «Beeline» россиялык уюлдук байланыш компаниясы буга жакшы мисал боло алат, компаниянын региондун өлкөлөрүнүн негизги бөлүгүндө туундуу ишканалары бар. Мындан тышкары “бүткүл дүйнөлүк желеге” кирүү мүмкүндүгүн кеңейтүү контексинде 20178-жылы ири британиялык компаниялардын конгломераты тарабынан киргизилген «OneWeb» интернетке кошулуунун глобалдык мүмкүндүк системасынын долбоорун белгилебей кетүүгө болбойт. Аталган долбоорго ылайык 2017-жылы 2020-жылга чейин 700гө жакын спутникти кое берүү пландалууда, алар Жер шаарынын кайсы болбосун бөлүгүндө кеңири тилкелүү интернетке кошулуу мүмкүндүгүн берет. Кантсе да долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда да тармакка кирүү мүмкүндүгүн жергиликтүү алып көрсөтүү-станцияларынын жардамы менен алса болот. Ошондуктан жакынкы келечекте Борбор Азияга интернет-траффикти импорттоо багыты олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болбойт.

Интернет тармагына кирүү мүмкүндүгү азыркы учурда өлкөнү санариптештирүүнүн негизги эң маанилүү шарты болуп эсептелет, анткен себеби тармактын бардык потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт. Бул контексте алганда Борбор Азиянын жашоочулары тармактын кайсы ресурстарын колдонору чоң кызыгуу жаратат. Тармакка чыгуунун негизги бөлүгү коммуникацияга байланышкан, азыраагы – бизнес жүргүзүүгө багытталган.  Бул жерде ар түрдүү социалдык тармактарды жана мессенджерлерди, почта тейлөөлөрүн, ошондой эле санариптик платформаларды колдонуу негизги ролду ойнойт.

Борбордук Азия, КМШнын башка өлкөлөрү сыяктуу эле, өзүнүн аймагында ири англис тилдүү жана орус тилдүү социалдык тармактар менен мессенджерлердин болушу менен айырмаланат. Алар жогоруда белгиленгендей бирдиктүү система менен тыгыз байланышта. Борбордук Азия өлкөлөрүндө орусиялык «ВКонтакте» тармагы жана америкалык «Instagram», «WhatsApp» (экөө тең «Facebook» компаниясынын продукциясы болуп саналат) басымдуулук кылат. Алардан бир аз төмөн баскычта «Facebook» жана «Одноклассники» турат. Америкалык «Telegram» мессенджери, «Twitter» сервиси жана «LinkedIn» социалдык тармагы («Microsoft» корпорациясына тиешелүү) салыштырмалуу аз популярдуулукка ээ.

Анткен менен, эгер буга региондун ичиндеги деңгээлде көңүл бура турган болсок, анда айрым өлкөлөр ортосунда көзгө көрүнө турган айырмачылыктар пайда болот. Мисалы, Казакстанда, Өзбекстан жана Тажикстанда «ВКонтакте» абсолюттук артыкчылыкка ээ, ал эми кыргызстанда белгилүүлүгү боюнча «Instagram» бир баскыч төмөн турат. Ал Борбордук Азияда популярдуулугу боюнча экинчи орунда турат, кыргызстан менен Түркмөнстанда лидер, ал эми Казакстан менен Өзбекстанда маанилүүлүгү боюнча экинчи болуп саналат. Региондогу рейтинг боюнча үчүнчү орунду «Одноклассники» ээлейт – ага Тажикстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда кызыккаандар көп. «Facebook» социалдык тармагы жана башка туруктуу колдонуучулардын анча чоң эмес тобуна ээ социалдык тармактар жана мессенджерлер  жогоруда аталган бардык сервистерден бир сөөм артта турат. Бул жаатта бир аз өзгөчөлүккө «Telegram» ээ. Ал Өзбекстанда чоң суроо-талапка ээ, ал эми Кыргызстанда салыштармалуу анча чоң эмес топ пайдаланат. Ошол эле учурда ал региондун башка өлкөлөрүндө анчалык популярдуулукка ээ эмес (Казакстанда), же болбосо дээрлик жок (Тажикстан менен Түркмөнстанда).

Белгилеп кетүүчү нерсе, акыркы жылдары ортоазиялык маалымат мейкиндигине россиялык жана америкалык мессенджерлерден тышкары коңшу Кытайда абдан популярдуу «WeChat» мессенджери акырындык менен кирүүдө. Ал региондо азырынча анча белгилүү болбосо да, аны колдонуучулардын саны акырындык менен бирок туруктуу негизде өсүүдө. Мунун себеби катары Кытай Эл Республикасы менен болгон улам кеңейүүчү ишкердик, саясий, маданий байланыштарды эсептесек болот. Ошондой эле, бул процессте Кытайда дээрлик бардык чет элдик социалдык тармакташуу кызматтары мамлекеттик деңгээлде бөгөттөлгөндүгү жана ушуга байланыштуу Кытай жарандары же ал жерде убактылуу жашаган адамдар менен байланышта болуу үчүн алар менен сүйлөшүү же ишкердик алака түзүү дал ушул мессенджер боюнча ыңгайлуу экендиги да чоң роль ойнойт. Борбор Азияда, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгүдөй эле, жеке жана ишкердик байланыш түзүүдө эреже катары эң ири маалымат издөө системалары менен айкалышкан почта тейлөөлөрү чоң роль ойнойт. Борбор Азия өлкөлөрүндө Англис тилин билүү салыштырмалуу терең жайылбагандыгы (борбор шаарларын эске албаганда) жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн инерция боюнча Россиянын маданий таасиринин астында болушу бул өлкөлөрдө мурдагыдай эле россиялык почта тейлөөлөрү, айрыкча - “Яндекс” жана “Mail.ru” кызматтары популярдуу болушуна шарт түзүүдө. “Google” корпорациясынын продукту болгон“Gmail” почта тейлөөсү да кеңири таралган (бул тейлөө орус тилиндеги  версияга ээ жана региондун тилиндеги версияларды иштеп чыгууну жүргүзөт), ал акырындык менен орусиялык электрондук почталарды четтетүүдө, себеби    ал “Android” операциялык системасындагы көпчөлүк смартфондордо коюлган жана көптөгөн тейлөөлөрдө аны табууга ыңгайлуу. Мындан тышкары, бул почта тейлөөсү эң ыңгайлуу жана батымдуу “булут сактагычка” ээ жана ага негизги параметрлери боюнча тең келе алган атаандаштыкты “Облако Mail.Ru” гана түзө алат.

Борбор Азияга алынып келинген башка инновациялык учур болуп анын рыногуна ири санариптик соода платформаларынын акырындык менен кириши эсептелет. Азыр иш жүзүндө алар менен салттуу дүкөндөрдүн жана базарлардын алмашуу процесси жүрүп жатат, анткен себеби, барган сайын көпчүлүк дүң жана чекене соода келишимдери алар аркылуу аткарылууда. Эң таасирдүү электрондук соода аянттары катары «Alibaba» жана «Taobao» болууда, булар жакындан бери региондун рыногунда өзүн кеңири таанытты жана сайттардын орустилдүү версияларына ээ болушту, бул жагдай дароо жергиликтүү сатып алуучуларга сатып алуу процессин жеңилдөтүүгө  жардам берди. Бул жагынан алганда булар америкалык платформа “Amazonду” бир топ четтетишти, анткени мурда ал аркылуу бул жерге ошондой эле кытай өндүрүш товарлары келип турган,бирок негизги товардык продукциянын жогорку наркы жана кайра жиберүүгө кеткен салыштырмалуу жогорку чыгымдар өз ролун ойноду. Бир нече жыл мурун Борбор Азияда орустардын электрондук соода платформаларынын бири “Wildberries” пайда болот жана сатып алуучуга ийкемдүү мамилесинин негизинде кытай соода платформаларына атаандаштык жаратты.

Борбор Азиядагы санариптештирүү мамлекеттик өндүрүш чөйрөсүнө да кирүүдө. Акырындык менен иш кагаздардын электрондук түргө өтүшү киргизилүүдө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталдары пайда болууда. Региондун мамлекеттери өздөрүнүн жарандары жөнүндө ар түрдүү биометриишкалык жана башка маалыматтары боюнча маалымат базаларын түзүүдө. Бул учурда программдык камсыздоонун негизги бөлүгүн алар россиялык же кытайлык коппанияларга тапшырык кылышат. Борбордук Азияда, Россиядагыдай жана көпчүлүк КМШ өлкөлөрүндөгүдөй эле, маалыматты чогултуунун менчик жана мамлекеттик борборлору кеңири таралууда (дата-борборлор), ал жерде шш кагаздарын электрондук түрдө жүргүзүүнүн мүмкүндүктөрүн кеңири пайдаланууга, айрым мамлекеттик кызматтарды алууга жол берүүчү  “Санарип колтамга”  алууга болот.

Ошентип, Борбор Азиянын маалыматтык коомунун процесстерине тартылуу деңгээли дүйнөлүк ченемдер боюнча салыштырмалуу жогору эмес, анткен себеби, айрым адамдардын, коомдун жана мамлекеттин жашоосунун көп сандаган чөйрөсүн толук кандуу камтыбайт же жетишсиз камтыйт. Ошентсе да, ошол эле мезгилде бул процесс дайыма ылдамдап келет, ошондуктан региондун мамлекеттери алдында жаңы чакырыктар жана көйгөйлөр турат.

Алардын негизгиси санариптик суверендүүлүк талаасына барып такалат, бул түшүнүк азыркы мезгилде  көпчүлүк учурда тигил же бул өлкөнүн кайсы программдык камсыздоосу жана компьютердик жабдуусу менен пайдалангандыгы менен аныкталат. Борбор Азия өлкөлөрү жогорку технологиялык мамлекеттердин ичине кирбегендиктен, алар жаңы санарип технологияларды иштеп чыгууга  өтө аз тартылган, бул жагдай софт деңгээлине да, инновациялык деңгээлге да тийиштүү. Бул абал аларды дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдөн жана жеткирүүчүлөрдөн толук көз каранды кылат.

Региондун мамлекеттеринин башка маанилүү маселеси катары социалдык тейлөөлөрдү контролдоо көйгөйү болушу мүмкүн. Себеп дегенде бири-бирине активдүү көчүрүлүүчү өздүк жана топтук контакттар, маалымат алмашуу жана сырттан контролдонуучу чыкырыктар мамлекеттик деңгээлдеги коркунучка айланышы мүмкүн, себеби социалдык тармактарды жана мессенжерлерди белгилүү бир коомдук оюду калыптандыруу, баш алмандыктарды уюштуруу үчүн далай колдонуп келгендигин  дүйнөлүк практика көрсөтүүдө. Жетишерлик толук инновациялык техникалык каражаттарга ээ болбостон, региондун мамлекеттери интернет тармагына чыгуучу маалыматтарды жетиштүү контролдой албайт. Аталган социалдык тармактардын ээси болгон чет элдик компаниялардын штаб-квартиралары региондон сырткары болгондуктан алардын кандайдыр бир маалымат алмашууга жана кызматташтыкка баруусу күмөн. Ушул эле жагдайда ушул компаниялар тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары тууралуу маалымат жыйноосу белгилүү бир коркунучту жаратат, себеби ал маалыматтар кийинчэрээк башка максаттарда колдонулушу мүмкүн. Бул көрүнүш дүйнөлүк масштабда акырындык менен чыңалуучу саясий карама-каршылыктын шартында өзгөчө мааниге ээ, себеп дегенде ал сөзсүз түрдө санариптештирүү өтө тездик менен өсүүчү экономикалык чөйрөгө өтөт. Бул учурларда Борбор Азия мамлекеттери санариптик мейкиндикте өзүнүн суверендүүлүгүн калыптандырышы керек. Анын үстүнө региондун аймагында эки маалыматтык экосистемасы – америкалык, алардын ири корпорациялары тарабынан түзүлгөн, жана кытай-орус экосистемасы кесилишет. Кытай Эл Республикасы акыркы бир нече жылда Россия менен инновациялык санариптик технологиялар чөйрөсүндө байланыштарды активдүү жөнгө салгандыгы менен, алардын ортосундагы кызматташтык дал ушул саясий мотивдердин негизинде  күчөйт.

Бул фактор Борбор Азия мамлекеттеринин алдында белгиленген эки экосистеманын кесилишинде өзүнүн санариптик суверинитетин калыптандырууга мүмкүндүк берүүчү стратегияны издөө милдетин коет, себеби технологиялык жана экономикалык көз карандылык аларды өзгөчө шарттагы абалга коет. Анткени региондун өлкөлөрү бардык убакта негизинен америкалык санариптик платформалардын программдык камсыздоосунун, жабдууларынын жана смартфондорунун керектөөчүлөрү болгон учурда азыр орун алган баланста олуттуу өзгөрүүлөрдү күтүү мүмкүн эмес, алар Кытай Эл Республикасынын экономикалык үстөмдүгүнүн алдында россиялык софтторду жана социалдык тейлөөлөрдү көп пайдалануу менен алардын санариптик тейлөөлөрүнүн колдонуучулары болуп калат. Эгер бул багытта кандайдыр бир жылыштар болсо да, алар салыштырмалуу анча чоң эмес эмес жана акырындык менен болот.

Денис Бердаков, саясат таануучу