Кыргызстан 

Республикада 2018-жылдын июнь айынан бери «Кыргызстан – жашыл экономиканын өлкөсү» концепциясы ишке ашырылууда. Жашыл экономикага өтүү үчүн 8 негизги багытты өнүктүрүү сунушталат. 

Жашыл шаардагы жашыл транспорт

- Калктын кыймылынын тездигине жана коопсуздугуна зыянсыз түрдө автоунаа транспортуна болгон сурамды, өзгөчө жеке транпорттук каражаттарга болгон сурамды төмөндөтүү үчүн болгон чараларды акырындап ойлонуу менен киргизүү;

- Жарандардын жеке автоунааларынан коомдук транспортко өтүүсүнө демилге бере турган иштер, бул жагдай нефть өнүмдөрү күйгөн кезде зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга, жолдордогу жана көчөлөрдөгү автоунаа тыгындарын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет;

      - Коомдук транспортту оптималдаштыруу – аз батымдуулуктагы коомдук тарнспорттон көп батымдуу транспортко өтүү. 

         

         - Жаңы экологиялык коопсуз автоунааларды, газ менен жүрүүчү транспортту, гибриддерди жана электромобилдерди пайдаланууну салыктагы жана бажыдагы өзгөчө жеңилдиктерди берүү менен колдоо аркылуу автоунаа паркынын сапатын жакшыртуу саясатын жүргүзүү;

         

- Зыяндуу газ чыгындыларын азайтуучу катализаторлору жок болгон экологиялык эмес эски автоунааларды (7 жылдан ашык колдонулган) колдонуунун пайдасыздыгына шарт түзүү.


Жашыл энергетика жана энергияны үнөмдөө


Багыттар:


-   Энергетика тармагында техникалык жана институционалдык кайра түзүүлөрдүн эсебинен энергиянын жоголушун төмөндөтүүгө жетишүү;

- Мамлекеттик саясатта энергиянын азуглероддуу, кайра жаралуучу булактарын киргизүүгө жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга  абсолюттуу артыкчылык болушу керек;

- Энергетика багытындагы айлана чөйрөгө зыян алып келүүчү, жылуулукка жана электр энергиясына тарифтерди субсидиялоо формасына ээ болгон чаралардын мамлекеттик каржылоосун кыскартуу;

- Отун катары көмүрдү пайдалануучу жылуулук электростанцияларын жана от жагылуучу мештерди долбоорлоодон жана куруудан толук баш тартуу маселесин кароо зарыл;

 - Суу электр станцияларын куруунун пландаштырылган чоң долбоорлорун станцияларды куруунун жана алар менен бирге түзүүлүүчү суу сактагычтардын тийиштүү региондордун экологиясына  терс таасирин минималдаштырууну эске алуу менен ишке ашыруу;

 Казахстан


Казахстандын “Жашыл” жолу мамлекет башчысынын тийиштүү Жарлыгынан кийин 2013-жылы башталды. 


Концепцияны ишке ашыруу үч баскычка пландалган:


- Биринчи баскыч – 2013-2020-жж. – ресурстарды колдонууну оптималдаштыруу жана жаратылышты коргоо ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле “жашыл” инфраструктураны түзүү;

-   Экинчи баскыч – 2020-2030-жж. – жаратылыш ресурстарын рационалдуу колдонуу, жогорку технологиялардын базасында кайра жаралуучу энергетиканы киргизүү;

- Үчүнчү баскыч – 2030-2050-жж. – улуттук экономиканын “үчүнчү өндүрүш революциясы” принциптерине өтүшү, анын негизинде жаратылыш ресурстары кайра жаралган учурда колдонулат.


“Жашыл экономикага” өтүү чаралары, Концепцияга ылайык, багыттар төмөнкү боюнча ишке ашат: суу ресурстарын туруктуу колдонуу, туруктуу жана жогорку өнүмдөгү айыл чарбасын өнүктүрүү, энергияны үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу, электр энергетикасын өнүктүрүү, чыгындылар менен иштөө системасы, абанын булганышын төмөндөтүү жана экосистемаларды сактоо жана аларды натыйжалуу башкаруу.

Эсептөөлөр боюнча 2050-жылы жашыл экономиканын алкагындагы өзгөрүүлөр ички дүң өнүмүн кошумча 3% га жогорулатууга, 500дөн ашык жумуш ордун түзүүгө, өндүрүштүн жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн жаңы тармактарын түзүүгө жардам берет жана калктын сапаттуу жашоосу үчүн жогорку стандарттарды камсыз кылат. 


Казахстандын Концепциясына ылайык, жашыл экономикага өтүү үчүн 3-4 млрд. $ тлап кылынат (Казахстандын ички дүң өнүмүнүн 1%ы).Анын 80%ы мамлекеттин бюджетинин эсебинен кетет, калган каражаттар инвестиция түрүндө келет.  

“Жашыл” эконимиканын өнүгүүсүнүн жети негизги багыты:

  • энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү;
  • турак-жай коммуналдык чарбадагы энергиянын натыйжалуулугу;
  • айыл чарбасындагы органикалык жер иштетүү;
  • таштандыларды жок кылуу системасын жакшыртуу;
  • суу ресурстарын башкаруу системасын жакшыртуу;
  • “таза” транспортту өнүктүрүү;
  • Экосистемаларды сактоо жана аларды натыйжалуу башкаруу.

Борбордук Азиядагы пионер: реалдуу жыйынтыктар

Казахстандагы жашыл экономика багытындагы тажрыйбалардын бири шамал электростанцияларынын курулушу болду. Шамал электростанциялары электроэнергиянын тартыштыгы жана аны импорттоо маселесин чечүүгө жардам берет. Өлкөдөгү биринчи шамал электростанциясы – Кордай электростанциясы – 2013-жылы иштей баштаган. Анын орду кокусунан тандалып алынган эмес. Кордайда шамал дайым болуп туруучу көрүнүш, анын ылдамдыгы 20 м/с жетет. 2016-жылы Кордай районунун экинчи паркы жалпыснан 160 кв.саат электроэнергия өндүргөн.  

Электроэнергетика чөйрөсүндөгү дагы бир инновация – күн электростанциялары, алар күн рациациясын электр энергиясына айлантат. 2014-жылы Казахстанда Борбордук Азиядагы 50 МВт кубаттулугу менен эң чоң күн электр станциясы – «Бурное Солар-1» иштейт. Ал Кордайдагы сыяктуу эле, Жамбыл облусунда жайгашкан. Күн электр станциялары абага парник газдарынын бөлүнүшүн төмөндөтөт жана органикалык отунду үнөмдөйт. «Бурное Солар-1дин» 192 миң модулу биркристалдуу панелдердин жардамы менен жылда72 млн. кВт/с энергия иштеп чыгат жана 35 миң менчик үйдү камсыз кылат. 

Бирок бул Казахстандагы жалгыз электр станциясы эмес. 2018-жылы, мисалы, Мангистауск облусунда биринчи күн электрт станциясын курулган, анын комплектинин 90% Казахстанда жасалган. Станциянын кубаттуулугу 3,5 миң кВт/с түзөт жана энергия менен 300 турак-жай үйүн камсыз кылат. 

 Өзбекстан

Казахстандан тышкары алтернативалык энергияны Өзбекстан да өнүктүрүүдө, мында жакынкы 10 жылда 25 күн электр станцияларын курушат. 2018-жылдын аягында мамлекет бийликтери жашыл энергетиканын өнүгүшүнө жеке инвесторлордун эсебинен 1 млрд. доллар салым тартары жөнүндө маалымдашкан. 100 мВт кубаттулугу менен биринчи күн электр станциясын Навои облусунда пайдаланууга берүү белгиленген. График боюнча курулуш иштери 2 жылда бүтөт. 

Бирок Өзбекстандын 2019-2030-жж “жашыл” экономикага өтүү стратегиясы ушул жылы гана пайда болду. Анда 2025-жылга чейин альтернитивдик энергиянын деңгээлин 19, 7 5га чейин жеткирүү пландары жазалган.   

Стратегиянын артыкчылыктуу багыттары

Экономиканын базалык багыттарынын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу:

Электроэнергетика чөйрөсүндө: буу газынын жана газтрубиналык түзмөктөрдүн базасында жогорку натыйжалуу технологияларды киргизүү аркылуу колдонуудагы электр станцияларынын кубаттулугун кайра түзүү жана жаңылоо, электр энергисын колдонуу системаларын контролдоочу жана эсептөөчү жабдуулар менен толук жабдуу.

Жылуулук энергетика чөйрөсүндө: жылуулук энергиясын иштеп чыгуунун жаңы технологияларын киргизүү, от жагуучу мештердеги эскирген жабдууларды жаңылоо жана кайра салуу, керектөөчүлөрдү эсептөөнүн заманбап приборлору менен камсыз кылуу, мештердеги сууну жылытуу үчүн гелий коллекторлорун пайдалануу.

Мунай-газ тармагында: газды өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, транспорттоодо жана бөлүштүрүүдө компрессордук станцияларды, төмөнкү жана ортоңку басымдагы газ бөлүштүрүүчү тармактарды жаңылоонун эсебинен, ошондой эле  көмүр суутек ресурстарынын жок болушун контролдоочу жаңы технологияларды киргизүү менен газды транспорттоочу системаларды жакшыртуу аркылуу, мунай-газ объектилеринде энергиянын альтернативдик булактарын киргизүү менен жаратылыш газын алууда анын жоголушун кыскартуу.   

Энергитикалык ресурстарды пайдаланууну диверсификациялоо жана кайра жаралуучу энергиянын булактарын пайдалануу: 

- кайра жаралуучу энергиянын булактары чөйрөсүндө;

- имараттарды жана куруу жана колдонуу чөйрөсүндө;

- транспорт чөйрөсүндө;

- суу чарбасы чөйрөсүндө;

- айыл чарбасы чөйрөсүндө;

- катуу тиричилик таштандыларды иштетүү чөйрөсүндө.

Тажикстан

Региондун башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Тажикстанда жашыл экономикага өтүү мындай ылдамдык менен жүргөн жок. Тажикстан “жашыл” концепциясын азырынча беките элек, бирок кайра жаралуучу энергиянын булактары, жашыл технологиялар, ресурстарды натыйжалуу колдонуу жана экологиялык мыйзамдарды макулдашуу өлкөдөгү, маморгандардын, эксперттик жана жарандык коомчулууктун жолугушууларынын негизги темалары болууда. 

Жакында «Аль-Джазира»телекомпаниясына берген маегинде президент Эмомали Рахмон Тажикстан  кайра жаралуучу энергиянын булактарынан  “жашыл” энергияны иштеп чыгууга киришти деп билдирди, б.а. иш жүзүндө жашыл экономикага кирди деди. 

Түркмөнстан

Борбордук Азиянын эң “жабык” өлкөсү жашыл экономикага өтүү маселесинде эң алдыңкылардан болуп эсептелет. Түркмөнстанда 28 июнда жаратылыш газынан экологиялык таза синтетикалык бензинди чыгаруу боюнча дүйнөдөгү биринчи завод ачылды.  Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы газды кайра иштетүүчү комплексти ишке киргизүү салтанатындагы сүйлөгөн сөзүндө мындай масштабдуу долбоорлор Түркмөнстанды “жашыл” экономика борборунун бирине айланта турган шарттарды түзөрүн айтты.  

Дүйнөгө белгилүү компаниялардын эң жаңы технологиялары жана жабдуулары менен жабдылган бул ишканада 1,785 млрд. куб метр “жашыл отун”, Эко-93 маркасындагы 600 миң тонна бензин, ошондой эле 12 миң тонна дизель күйүүчү майы жана 115 миң тонна суюлтулган газ иштелип чыгат. Эко-93 маркасындагы иштелип чыккан бензиндин жана мунайзаттан алынган бензиндин сапаттарын салыштырмалуу баалаганда газ бензинин пайдаланууда сера - 50 эсе, бензол – 3,5 эсе, башка жыттуу көмүр суутектери 20%га аз   бөлүнүп чыгары аныкталган. Бул көрсөткүч зыяндуу газдардын абага бөлүнүп чыгышын бир топ азайтууга мүмкүндүк берет. Мунай – газ өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча мамлекет тарабынан кабыл алынган программага ылайык  жакынкы мезгилде Балкан, Дашогуз, Лебап жана Ахал облустарында  бир катар газ-химиялык комплекстерди куруу пландалууда.   

– gas tо gasoline долбоору Haldor Topsоe Даниялык компаниясы иштеп чыккан  TIGAS технологиясына  негизделген. GTG технологиясы өндүрүштүк деңгээлде Түркмөнстанда биринчи жолу колдонулууда.