Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгекчил айыл башкармалыгында жергиликтүү ишкерлер кийиз чыгаруучу ишкана ачышкан. Ишканадан чыгарылган кийизден бут кийим жана башка кийиз буюмдар жасалат.

Ишканада технолог болуп иштеген Нурлан Самакеевдин айтымында, ал жерде 6 киши иштейт.

"Күнүнө 700 килограммга чейин жүн иштетебиз. Элден 1 тонна жүн алабыз. Иштетилген жүндүн бир бөлүгү кийиз катары сатылса, башка бөлүгүнөн бут кийим жасалат. Учурда бут кийимдердин сапатын жакшыртуу жана сатышты арттыруу боюнча иш алып баруудабыз", - деди ал.